ОКУУ
PRINT.KG
Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак тобуна кирет.Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан,Тажикстан, Казакстан, Каракалпакстан, Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009 ж. өткөн элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3830556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган [1]. Бул КРсындагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн[2]. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5100 000 адам сүйлөйт.
Кыргыз тили



